Тажикстандагы үй-бүлөлүк зомбулукту изилдеген баяндама февраль айында чыккан. Аны башкы кеңсеси Брюсселде жайгашкан "Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк" бейөкмөт уюму даярдап, "Нотабене", "Сиздин тандооңуз" жана "Укуктук демилге" сыяктуу коомдук фонддор көмөктөшкөн.
"Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк" уюмунун изилдөөчүлөрү былтыр ноябрда Тажикстанга барып, зомбулукту башынан кечирген 25тен ашык аялдын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Мындан тышкары бул маселени жергиликтүү жана эл аралык эксперттер, активисттер, юристтер жана укук коргоочулар менен талкуулашкан.
"2017-жылы Мамлекеттик статистика агенттиги жүргүзгөн демографиялык изилдөө Тажикстандагы ар бир 10 аялдын сегизи өмүрүндө жок дегенде бир жолу үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын көрсөткөн. Турмушка чыга элек кыздардын көбү апасынан, өгөй апасынан, эжесинен же агасынан зомбулук көргөнүн айтышкан", – деп жазылган уюмдун баяндамасында.
Укук коргоочулар баарынан да сурамжылоого катышкандардын 47% аялга карата зомбулук "ар бир үй-бүлөнүн өз иши жана ага эч ким кийлигишпеши керек" деген ойду колдогону, 41% өнөктөшүн түрдүү себептер менен токмоктосо болот деп эсептегени тынчсызданууну жаратып жатканын белгилешкен.
Тажикстанда 2014-жылы Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча 2014-2023-жылдарга карата мамлекеттик программа жана иш-аракеттердин планы кабыл алынган. Мындан тышкары өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу тууралуу мыйзам да бар. Бирок изилдөөчүлөр буга карабастан Тажикстанда үй-бүлөлүк зомбулук маселеси курч бойдон калып жатканын белгилөөдө.
Баяндамада авторлор тажик бийлигин Кылмыш кодексине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизип, үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүгө чакырышты.