12-мартта Ташкенттин Мирабад райондук сотунда сексуалдык асылуу иши боюнча сот отуруму өттү.
Сотто жабырлануучунун апасы 9-мартта жашы жете элек кызын үйүнө жеткирүү үчүн “Яндекс Го” таксисин чакырганын билдирди. Жолдо бара жаткан айдоочу өспүрүмгө ыпылас суроолорду берген. Кыз айдоочуга болгону 15 жашта экенин айткан, бирок ал асылганын токтоткон эмес.
Таксист күнөөсүн толук мойнуна алып, кечирүүнү өтүндү.
Сот айдоочуну Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин “сексуалдык мүнөздөгү асылуу” беренеси боюнча айыптуу деп таап, 5 суткага камакка алды.