Бул тууралуу “Группа 24” уюмунун өкүлү Убайдулло Саиди “Озоди” радиосуна билдирди.
Ал уюм Зафардын тагдырына тынчсызданып жатканын айтты.
"Биз анын тагдыры үчүн коптонуп жатабыз, анткени ал Тажикстанга кайтарылса, аны кыйноо жана узак мөөнөткө эркинен ажыратуу менен коркутушат", - деди Убайдулло Саиди.
Тажикстанда оппозиция өкүлдөрү кабарлагандай, "Группа 24" уюмунун лидери Сухроб Зафардын телефону 10-марттан бери өчүк болуп, байланышка чыкпай жатат.
Бул акыркы бир айда Түркияда "Группа 24" уюмунун мүчөсү жоголгон экинчи окуя. Февраль айында уюмдун өкүлдөрү Стамбулда жүргөн 39 жаштагы Насимжон Шарифов жоголуп кеткенин кабарлашкан. Азырынча анын кайда экени тууралуу эч нерсе белгисиз.
Оппозиция өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө акыркы жылдары Түркияда жүргөн Тажикстанда тыюу салынган уюмдун лидери тынымсыз коркутуп-үркүтүүлөргө кабылып, "жакында өлтүрүлөсүң" же "Тажикстанга жөнөтүлөсүң" деген сыяктуу билдирүүлөрдү алып турганы айтылат.
Сухроб Зафар 2014-жылы Тажикстандан Түркияга көчүп келген. Ал жакта оппозициячы көп жолу кармалган, бирок ар биринде бошотулган. Анын шериктери бул жолу ал уурдалган болушу мүмкүн деп шектенишүүдө.
“Группа 24” уюмун оппозициялык ишкер Умарали Кувватов (2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн) түзгөн. Уюм 2014-жылы Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен “экстремисттик” деп таанылган. Бул уюмга мүчө болгондугу үчүн ондогон адамдар соттолуп, түрмөгө кесилген.