Ссылки доступа

Каракалпак активисти Акылбек Муратовго ЕККУ конференциясына баяндама даярдаганы үчүн иш козголгону айтылды


Камактагы каракалпак активисти Акылбек Муратовго каршы кылмыш иши каракалпакстандык активисттер ЕККУнун Варшавадагы конференциясында сөз сүйлөгөндөн эки жума өткөндөн кийин ачылган. Бул тууралуу анын эжеси Фариза Нарбекова "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Анын айтымында, каракалпактардын куугунтукка алынганы айтылган баяндамалардын тексттерин Муратов даярдаган.

Өзбек бийлиги анда "диний экстремизм, сепаратизм жана фундаментализм идеялары" бар деп эсептейт. Фариза Нарбекованын айтымында, 2023-жылдын октябрында Муратов Өзбекстандын атайын кызматтары ал жактагы жакындарын коркутуп жатканын билдирген. Былтыр ноябрда Өзбекстандын бийлиги Муратовго издөө салган. Нукус шаарынын соту аны сыртынан камакка алган.

Акылбек Муратов быйыл 16-февралда Алматыда кармалган. Анда шаардык полиция департаменти ал Өзбекстан Ички иштер министрлигинин издөөсүндө экенин, учурда аны мекенине экстрадциялоо маселеси каралып жатканын билдирген. 17-февралда сот активистти 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Акылбек Муратов Өзбекстанда Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыкка, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырык жасоо" жана "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу" беренелери боюнча шектелип жатканы кабарланган.

Адвокаттын айтымында, өзбек бийлиги активисттин 2022-жылы июлда Нукуста болгон окуялардын 500 күндүгүн эскерүү акциясына катышканын "жапырт башаламандыкка, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырык жасоо" деп тапкан. 2023-жылы 13-ноябрда каракалпак активисттери 16 жылга соттолгон каракалпакстандык укук коргоочу Даулетмурат Тажимуратовдун урматына элди жарыкты 16 мүнөткө өчүрүүгө чакырышкан.

Муратовго "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу" беренеси боюнча айып тагууга анын каракалпак активисти Кошкарбай Төремуратовдун ЕККУнун конференциясында сүйлөгөн сөзүн бөлүшкөнү себеп болгон.

Акылбек Муратов Өзбекстандын жараны, 10 жылдан ашык убакыттан бери Казакстанда жашайт. Ал бул өлкөдөгү каракалпак диаспорасынын лидерлеринин бири болуп эсептелет.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлдагы борбор калаа Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүүлөр дале уланууда.

XS
SM
MD
LG