Ссылки доступа

Душанбенин тургуну коңшуларынын ур-токмогуна кабылганына даттанууда


Идибек Нусратов (солдо) жаан Рахмонали Фахриддинов
Идибек Нусратов (солдо) жаан Рахмонали Фахриддинов

Душанбенин Идибек Нусратов аттуу тургуну эки коңшусу аны майып кылып коюшканын, бирок милиция кызматкерлери арызын кабыл албай жатканына даттанууда.

Анын айтымында, окуя 2023-жылы жайында болгон. Ал эки коңшусуна карызга берген 20 миң рублин кайра алууга аракет кылганда ур-токмокко кабылган.

"Мен аларга карызга акча бергем. Бир күнү мени сүйлөшүүгө чакырышты. Акчамды кайтарат го деп барсам мени сабап, телефонумду алып коюшту. Оозумду жаап, колу-бутумду байлап сабашты. Майып болуп калдым. Табарсыгым жабыркап операция жасаттым. Алгач бир нече күн үйдө дарыланып, айыкпагандан кийин ооруканага кайрылгам. Дарыгерлерге тамекинин издерин көрсөтүп, милиция чакыргыла десем болбой коюшту. Ооруканага кеч кайрылганым үчүн алар корутунду да жазып беришкен жок", – деди ал.

Нусратов коңшулары карызын дале бере электигин, укук коргоо органдарынан колдоо таба албагандан кийин журналисттерге кайрылганын кошумчалады.

"Озоди" радиосу Нусратов айыптап жаткан эки коңшусунун бири, Рахмонали Фахриддинов менен байланышканда ал айыптоолор "негизсиз" экенин айткан.

"Мен андан карызга акча алган эмесмин. Аны кимдир-бирөөлөр сабаган экен, ага бизди күнөөлөп жатат. Ал милицияга арыз жазыптыр, бирок ал жерге барсак эч нерсени далилдеп бере алган жок. Биз аны менен эч качан жаңжалдашып, кол көтөргөн эмеспиз. Ал жалган айтып жатат. Жалаа жапканы үчүн бийлик аны жоопкерчиликке тартса дейм", – деди Фахриддинов.

Душанбедеги Сино райондук ички иштер башкармалыгынан Нусратовдун айткандары текшерилип, бирок ырасталбаганын билдиришти.

35 жаштагы Идибек Нусратов үч баланын атасы, учурда жумушсуз. Буга чейин бир нече жолу Орусияга барып иштеп келген.

XS
SM
MD
LG