Ссылки доступа

"Группа 24" кыймылы Германиядагы түрк консулдугунун алдында акция өткөрдү


14-мартта Германиянын Хюрт шаарындагы түрк консулдугунун алдында тажик оппозициячыларынан турган "Группа 24" кыймылынын активисттери нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар Түркиянын дипломаттарынан кыймылдын Стамбулда жоголгон лидерлери тууралуу маалымат берүүнү талап кылышты.

"Группа 24түн" өкүлдөрү билдиргендей, кыймылдын лидерлери Насимжон Шарифов 23-февралдан, Сухроб Зафар 10-марттан бери дайынсыз болууда. Бул боюнча Түркия менен Тажикстандын бийликтери эч кандай комментарий бере элек.

"Түрк консулдугунун алдындагы акциябыз төрт саатка созулду. Алардын почтасына кат таштадык. 15-мартта Венадагы түрк элчилигине барабыз. Зафар менен Шарифовдун кайсыл жерде экени боюнча түшүндүрмө талап кылып, түрк элчилиги бар бардык жерлерге барабыз. Биз алардын тагдырына тынчсызданып жатабыз. Анткени тажик өкмөтүн сындаганы үчүн аларга Тажикстандын атайын кызматтарынан коркутуулар болгон", – деди кыймылдын басма сөз катчысы Убайдулло Саиди.

Буга чейин "Группа 24" кыймылы Сухроб Зафарды табууга жардам берүү өтүнүчү менен Стамбул прокуратурасына жана Түркиянын бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтерине кайрылганын билдирген.

Сухроб Зафар 2014-жылы Тажикстандан Түркияга көчүп барган. Ал жакта оппозициячы көп жолу кармалып, бирок кайра тез эле бошотулган. Анын шериктери бул жолу ал уурдалган болушу мүмкүн деп шектенүүдө.

"Группа 24" кыймылын оппозициялык ишкер Умарали Кувватов (2015-жылы Стамбулда өлтүрүлгөн) түзгөн. Уюм 2014-жылы Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен "экстремисттик уюм" деп табылган. Андан бери бул уюмга мүчө болгондугу үчүн Тажикстанда ондогон адам соттолуп, түрмөгө кесилген.

XS
SM
MD
LG