"Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, кырсык 14-март күнү түштө Дарваз районунда болгон. "Барги Сабзга" таандык "Тойота-Ландкрузер" автоунаасы менен "Шакман" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Жыйынтыгында бейөкмөт уюмдун автоунаасынын айдоочусу жана үч жүргүнчүсү каза болгон. Дагы бир жүргүнчү жаракат алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген.
"Барги сабздын" өкүлдөрү билдиргендей, уюмдун кызматкерлери Душанбеден Хорогго иш сапар менен баратышкан. Уюм Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы экологиялык долбоорлор менен иштейт.
Тажикстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) болжолдуу версиясына ылайык, кырсыкка жеңил унаанын айдоочусунун жолдун карама-каршы тилкесине чыгып кеткени себеп болгон. ИИМ бул кырсык боюнча териштирүү иштерин баштады.
Тажикстанда орточо эсеп менен жол кырсыктарынан күнүнө үчтөн киши каза болот.