Ссылки доступа

Казакстанда активист Айгерим Тлеужановга каршы куугунтукту токтотууга чакырышты


14-мартта адвокат Айнара Айдарханова камактагы активист Айгерим Тлеужановага каршы козголгон жаңы кылмыш иши боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Тлеужанова менен чырдашкан камералашы ага каршы арыз жазган. Адвокаттын айтымында, тез жардам бригадасынын кызматкеринин маалымкатынын негизинде активистке "Ден соолукка атайылап орточо оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Маалымкатта жабырлануучунун манжасы сынганы жазылган. Адвокат Айгерим камерада оозеки жаңжалдашканын, күч колдонбогонун билдирүүдө.

"Албетте, муну Айгеримге болгон куугунтук деп эсептейбиз. Арыз ээси Жаугашты мекемесине даттанып үлгүрө электе эле кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери кызуу жүрө баштаган. Мындай тез жооп бизди таң калтырды. Бул Айгеримдин жаза мөөнөтүн узартуу үчүн атайын жасалган аракет деп эсептейм", — деди Айдарханова.

Адвокатын айтымында, бул иш Тлеужанова "Алматы аэропортун басып алуу" иши боюнча Жогорку сотко арызданган кезде кедергисин тийгизиши мүмкүн.

Айгерим Тлеужанова жазасын Алматы облусундагы № 10 колонияда өтөп жатат.

Былтыр 11-июлда Алматы соту Айгерим Тлеужанованы Январь окуясы учурунда аэропортто "жапырт баш аламандык уюштурууга" күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо мурдагы мектеп мугалими, жарандык активдүүлүгү менен таанымал Калас Нурпейисов жана дагы үч алматылык тургун (Нурлан Далибаев, Эрмухамет Шилибаев, Жан-Айдар Карменов) сегиз жылга соттолгон. Аларга "жапырт баш аламандык уюштуруу", "имараттарга кол салуу", "автоунаа уурдоо" жана "каракчылык" беренелери боюнча айыптар тагылган. Сотто бешөө тең тагылган айыптарды четке кагышкан.

Былтыр 10-ноябрда Алматы шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган. Адвокаттар жогорку инстанцияга даттанарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG