Индия ЖМКлары өзбек жаранын муунтуп өлтүрүшкөн деген версия каралып жатканын кабарлады.
"Кыздын сөөгү 13-март күнү кечинде табылган. Алгач мейманкана кызматкерлери анын бөлмөсүндөгү номурга телефон чалып, жооп бербеген соң эшигин өз ачкычтары менен ачып киришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө анын телефону жана башка баалуу буюмдары да жоголгону аныкталган. Полиция шектүүлөрдү, анын ичинде мейманкананын шаршембиден бери дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерин издөөдө", – деп жазды The Times of India басылмасы.
Өзбекстандын Индиядагы элчилиги керектүү консулдук жана юридикалык кеңештерди берип, көмөк көрсөтүү үчүн маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышуу чараларын көрүүдө. Дипломатиялык миссиянын консулдук бөлүмү бул процессти өз көзөмөлүнө алганы кабарланды.