Маалыматка караганда, 51 жаштагы Ш.Т. ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган.
"Анжиян облусунун тургуну өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салууга аракет кылганы үчүн да издөөдө жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, кармалган адам учурда Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын 5-тергөө абагында кармалууда. Маалыматта өзбек жараны мекенине экстрадицияланабы же жокпу айтылган эмес.