Учурда Саматтын жакындары операция үчүн элден каражат чогултушууда.
22 жаштагы Самат (аты өзгөртүлдү) учурда Москва шаарындагы ооруканада жатат. Мигрант Орусияда кир жуучу жайда иштеп жүрүп, 28-январда иш маалында эки колун аппаратка алдырып алган. Дарыгерлер Саматтын эки колу толук күйгөндүктөн, тез аранын ичинде операция кылып, протез коюу керектигин айтышкан.