Ссылки доступа

Тажикстанга бузулган өнүмдөрдү ташып келген ондогон ишкерлерге айып пул салынган


Өткөн жылы тажик бийлиги өлкөгө негизинен Орусиядан ондогон тонна сапатсыз өнүмдөрдү алып кирүүгө бөгөт койгон.

Тажикстандын азык-түлүк коопсуздугу комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы мындай продукцияларды ташып келген 100дөн ашык ишкер жоопкерчиликке тартылган.

Тажикстанга керектелүүчү товарлардын негизги бөлүгү чет өлкөдөн алып келинет. Комитет 2023-жылы мөөнөтү өтүп кеткен товарлар көбүнчө Орусиядан ташылып келгенин белгилейт.

"2023-жылы жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен же бузулган 52,3 тонна эт, 10 тонна сүт азыктары, 2,1 тонна өсүмдүк майы, 31 миң даана жумуртка, 829 кг балык, 528 кг бал, 6590 кг кургатылган мөмө-жемиш, 163 миң килограммдан ашык жашылча-жемиш табылды. Мунун баары сатыктан алынып, жок кылынды", - деди Тажикстандын азык-түлүк коопсуздугу комитетинин башчысы Мухаммадсаид Файзуллозода.

Комитеттин маалыматына караганда, былтыр Тажикстан чек арасында Орусиядан жөнөтүлгөн 40 тонна бузулган сыр жана 60 тонна картошка, Ирандан ташылган 21 тонна мандарин табылган. Жалпысынан 128 ишкерге айып пул салынып, айрымдарына кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG