Ссылки доступа

Сибирде Чымкент-Новосибирск каттамындагы автобус оодарылып кетти


Орусиянын Алтай аймагында Чымкент-Новосибирск каттамы боюнча бараткан автобус арыкка оодарылып кеткени кабарланды.

Кырсыктын кесепетинен кеминде жети жүргүнчү жабыркап, алардын бири ооруканага жаткырылды.

Алтай аймактык Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына караганда, 17-март күнү эртең менен Гришовка айылындагы аймактык маанидеги трассада авария катталган.

Куткаруучулар билдиргендей, автобустун айдоочусу рулду башкара албай калганда унаа жолдон чыгып кетип, автобус капталына оодарылып кеткен. Орусиялык басылмалар автобус муздан улам оодарылып кеткенин жазууда.

Автобуста 56 адам болгон - эки айдоочу, 54 жүргүнчү, анын ичинде үч бала. Жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын кайсы өлкөнүн жарандары экени азырынча айтылган жок. Алар Новосибирскке бара жатышкан.

XS
SM
MD
LG