Ссылки доступа

Тажикстанда бийликти сындаган тургун беш жылга соттолду

Сафаргул Гафурова, беш жылга соттолгон Шахбоз Шарифбектин чоң энеси.
Сафаргул Гафурова, беш жылга соттолгон Шахбоз Шарифбектин чоң энеси.

Тажикстанда чоң энесин сабап, бир тууганын күч менен армияга алып кетишкени үчүн бийликти сындаган Вахдат районунун тургуну Шахбоз Шарифбек беш жылга соттолуп, марттын башында тергөө абагынан Хожент шаарындагы түрмөгө которулганы белгилүү болду.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, тиешелүү өкүмдү Вахдат шаарындагы сот 19-январда кабыл алып, 23 жаштагы Шарифбекти "Социалдык түйүндөр аркылуу экстремизмге чакырык жасоо" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Кылмыш ишинин козголушуна былтыр октябрда Шарифбектин соцтүйүндөргө жарыяланган видеосу негиз болгон. 12 мүнөттүк видеодо ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир тууганын армияга күч менен алып кетип эле тим болбой, чоң энесин да сабашканын айткан. Ал Вахдат бийлигинин бул аракетин сынга алуу менен катар президент Эмомали Рахмонду да жемелеп, ал өлкөдөгү мыйзам бузууларга көңүл бурбай жатканын айткан. Видео интернетте 1 миллиондон ашык жолу көрүлүп, коомдук резонанс жараткан.

Шарифбектин чоң энеси Сафаргул Гафурова улуу небереси Хоженттеги түрмөгө которулганын ырастап, кичүү небереси Согд облусунда аскердик кызматын өтөп жатканын билдирди.

Анын айтымында, жакындары Шарифбекти бошотуу жана анын инисинин күч менен аскерге алынып кетиши боюнча иликтөө жүргүзүү өтүнүчү менен көптөгөн аткаминерлерге, анын ичинде президент Рахмонго да кат менен кайрылышкан, бирок эч кандай жооп болгон эмес.

Көз карандысыз адвокат Шухрат Кудратов Шарифбектин видеокайрылуусунда эч кандай кылмыштын белгилери жок экенин билдирүүдө.

"Шарифбектин аракеттеринде экстремизмдин эч кандай элементтери жок. Ага кылмыш ишинин козголушу – башка жарандарга эскертүү болду", – деди Кудратов.

Акыркы жылдары Тажикстанда бийликти сындаган ондогон көз карандысыз журналист, активист жана саясий ишмерлер камакка алынып, көз карандысыз маалымат каражаттары жабылды.

​
XS
SM
MD
LG