Ссылки доступа

Орусия Стамбулда киши өлтүрүүгө шектелген өзбек жаранын Анкарага өткөрүп берди


Орусия Стамбулда өзү иштеген мейманкананын ээсин өлтүргөн деп шектелген өзбекстандык Хасанжон Аминовду Түркияга өткөрүп берди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин кызматкери Ирина Волктун сөзүнө таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн өзбек жараны 15-мартта Москвадагы Внуково аэропортунда түрк бийлигине өткөрүлүп берилди.

Ирина Волктун айтымында, түрк бийлиги Хасанжон Аминов Стамбулдагы мейманканалардын биринде иштеп жүргөндө шериги менен мейманкананын ээсин өлтүрүп, 2019-жылдын июль айында Түркиядан чыгып кеткенин билдирген.

"Полиция кызматкерлери айыпталуучуну 2023-жылдын июль айында Орусиянын Казан шаарында кармашкан", - деп кошумчалады Орусия ИИМинин өкүлү.

XS
SM
MD
LG