Ссылки доступа

Тажикстанда ажылык сапардын акчасын президенттин кайниси башкарган банк аркылуу төлөө талап кылынууда


Тажикстанда 2024-жылдагы ажылык сапардын баасы 57 миң сомони же 5 миң доллардан ашык деп белгиленди. Бул тууралуу өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети билдирди.

Мекеме ажылыктын баасы өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү кызматы менен макулдашылганын белгиледи.

Бийлик билет, мейманкана, тамак-аш, транспорттук чыгымдар, медициналык камсыздандыруу жана башка түрдүү жөрөлгөлөр үчүн ушунча каражат талап кылынат деп эсептейт.

Кыргызстанда быйылкы ажылык сапардын баасы 3 750 доллар деп белгиленген. Азырынча Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө 2024-жылкы ажылык сапардын баасы айтыла элек.

"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, зыяратчылардан ажылык сапардын акчасын накталай эмес түрдө "Ориёнбанк" аркылуу төлөө талап кылынууда. Бул банкты өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозода башкарат. Анын орун басары кызматында мамлекет башчысынын кызы Зарина Рахмон иштейт.

Сауд Арабиясы 2024-жылы ажылык сапар үчүн Тажикстанга 7 миң квота бөлгөн. Быйыл ажылык сапар майдын экинчи жарымында башталат.

Президент Эмомали Рахмон 9-мартта дин ишмерлеринин алдында сүйлөп жатып, ажылык темасына өзүнчө токтолгон. Анын айтымында, "2023-жылы эле өлкөнүн 63 миң жараны ажылык жана умра сапарына барып, бул үчүн орточо эсеп менен 1 миллиард 200 миллион сомони коротушкан". Өз сөзүндө Рахмон ажылыкка бир канча жолу барган жарандарды сынга алган.

"Эгемендик алгандан бери биздин жарандар ажылыкка короткон сумма дээрлик 12 миллиард сомонини түзгөн. Бул каражатты турак-жай курууга, жашоо шартын жакшыртууга, балдардын билимине, аларды сапаттуу тамак-аш, окуу куралдары жана кийим-кече менен камсыз кылууга, ошондой эле муктаж үй-бүлөлөрдү колдоого жумшасак жакшы болмок", – деген Рахмон.

Серепчилер президенттин бул сөздөрүн сынга алып, бийлик мындай жол менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликти калктын өзүнө жүктөөгө аракет кылып жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG