Ссылки доступа

Каракалпак активисти Акылбек Муратовдун камактагы мөөнөтү узартылышы мүмкүн


18-мартта Алматынын Бостандык райондук прокуратурасы каракалпакстандык укук коргоочу жана активист Акылбек Муратовдун камактагы мөөнөтүн 12 айга узартуу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу активисттин эжеси Фариза Нарбекова "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Прокуратура аныктама чыгарып, сотко өтүнүч кат жөнөткөн. Эми Муратовдун камактагы мөөнөтүн узартуу-узартпоону сот чечиши керек.

Нарбекованын айтымында, сот 27-мартта болот, бирок маалымат тастыктала элек.

"Ооба, тилекке каршы, камак узартылат деп ойлойбуз. Ал башкалардай бир жыл отуруп чыгат. Биз буга даяр болгонбуз. Бул камоо тууралуу ал өзү билген. Ата-энесине эле кыйын болду, алар буга даяр эмес. Өзүнүн жана башка адамдардын укугу үчүн күрөшкөн адамдын камалышын адилетсиздик деп эсептейбиз", - деди Нарбекова.

Ал мурдараак активист Акылбек Муратовго каршы кылмыш иши каракалпакстандык активисттер ЕККУнун Варшавадагы конференциясында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу ачылганын кабарлаган.

Анын айтымында, каракалпактардын куугунтукка алынганы айтылган баяндамалардын тексттерин Муратов даярдаган.

Өзбек бийлиги ал баяндамаларда "диний экстремизм, сепаратизм жана фундаментализм идеялары" бар деп эсептейт. Фариза Нарбекованын айтымында, 2023-жылдын октябрында Муратов Өзбекстандын атайын кызматтары Каракалпакстандагы жакындарын коркутуп жатканын билдирген. Былтыр ноябрда Өзбекстандын бийлиги Муратовго издөө салган. Нукус шаарынын соту аны сыртынан камакка алган.

Акылбек Муратов быйыл 16-февралда Алматыда кармалган. Анда шаардык полиция департаменти ал Өзбекстан Ички иштер министрлигинин издөөсүндө экенин, учурда аны мекенине экстрадциялоо маселеси каралып жатканын билдирген. 17-февралда сот активистти 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG