Учакта 92 жүргүнчү болгон. Учуу маалында алардын бири өзүн жаман сезип, стюардессалар жардам бере баштаган. Бирок жүргүнчүнүн абалы кескин начарлап кеткен.
Кырдаал аба кемесинин командирине билдирилип, ал Курумоч аэродромуна (Самара) пландан тышкары конууну чечкен.
Конгондон кийин реаниматологдор жардам көрсөтүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Жүргүнчү каза болгон. Эки сааттан кийин учак Тажикстанга учуп кеткен.