Бензин, дизелдик отун жана башка мунай өнүмдөрүн ташып чыгууга дагы алты айга тыюу салынат. Бирок майлоочу майларга, бензобакта мунай өнүмдөрүн ташууга, илимий изилдөө үчүн авиациялык отун ташууга, гуманитардык жардамдын алкагында мунай өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизилбейт.
Казакстан 2019-жылдын ноябрында Өзбекстан, Кыргызстан жана Орусияга мунай өнүмдөрүн автоунаа менен ташууга чектөө киргизген.
Кийинчерээк тыюу алынган, бирок чектөө 2022-жылдын июлунда алты айга кайра киргизилген. Андан бери бир нече жолу узартылды.