Тажикстандын Транспорт министрлиги 29-30-майда өтө турган конференцияда Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы эл аралык жүк ташуу маселесин, Кытайдан жабдууларды жана жүктөрдү жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулоо пландалып жатканын билдирди.
Орусиянын Украинага карата баскынчылыгына байланыштуу Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Батыш өлкөлөрү Борбор Азия мамлекеттерин Орусияны айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду жөнгө салууга чакырып келишет.