Маалыматка караганда, Душанбенин тургуну Аслиддин Жалилов былтыр 10-сентябрда банкоматтан акчасын алып берүүгө көмөктөшүүнү убадалаган адамга алданып калган. Ал картадагы 4 миң сомонинин (365 доллар) бир миңин гана берип, калган үч миңин алып качып кеткен. Жалилов алданып калганын бир нече мүнөттөн кийин гана түшүнгөн. Ал акчаны ооруканадагы уулун дарылоо үчүн жакындары топтоп биргенин билдирип, алты айдан бери банкка да, милицияга да жардам сурап кайрылганын, бирок эч майнап чыкпаганын билдирген. 2-мартта "Озоди" радиосу бул жөнүндө материал даярдаган.
Жалиловдун айтымында, материалдан кийин аны "Душанбе сити" банкына чакырып, картасына 3 миң сомони салып коюшканын кабарлашкан.
Жалилов банк чыгымдын ордун толтуруп бергенине карабастан, аны алдап кеткен адам кармалып, жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирүүдө.
Тажикстандын Ички иштер министрлигинен азырынча шектүү табыла электигин, аны издөө иштери уланып жатканын билдиришти.
Аслиддин Жалилов аялы жана үч баласы менен Душанбенин четинде батирде турат. Анын жубайынын да бир көзү көрбөйт. Алар базарда желим баштык сатуу менен алектенип, күнүнө 5-6 доллардан гана табышат.