Топтун telegram-каналына административдик камакка алынган төрт активисттин аты-жөнү 22-мартка караган түнү жарыяланды. Ага ылайык, Нурбек Кулышев (Астана) 20, Нуржан Кажигалиев (Астана) 20, Уалихан Негметов (Көкшетау) жети жана Руслан Нурканов (Өскемен) 15 суткага административдик камакка алынды.
Күн мурун Руслан Нурканов дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Активисттер аны полиция кызматкерлери кармап кеткен болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышкан.
Казакстандын бийлиги азырынча Нооруз майрамына карата жарыяланган эс алуу күндөрүндөгү макулдашылбаган ыктымал акциялардын алдындагы бул кармоолор боюнча расмий маалымат бере элек.
"Активисттер – экстремист эмес" тобу акциялар өтүшү мүмкүн экени айтылган 21-март күнү өлкөнүн Орол, Талгар жана Кобда өңдүү бир катар шаарларында активисттердин үйлөрүн аңдуу фактылары катталганын билдирди. Ошондой эле Чымкентте активист Ермек Коншбаев да кармалганы кабарланууда.
Апта башында Астанада активисттер Сандугаш Кантарбаева менен Венера Жанбаева кармалып, 15 суткадан административдик камакка алынган. Мындан тышкары Астанада учурда дагы төрт активист (Кантакан Амренов, Асет Кенджибеков, Айдар Сыздыков жана Марат Мусабаев) 20 суткалык жаза мөөнөттөрүн өтөөдө. Алардын баарына "Тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин бузуу" беренеси менен айыптар тагылган. Буга алардын былтыр күзүндө жана быйыл март айында бир нече жолу Юстиция министрлигинин алдына топтолгону негиз болгон.
Укук коргоо тобунун маалыматына караганда, Казакстандын түрдүү шаарларында активисттер жергиликтүү бийликтерден 21-23-март күндөрү тынч акцияларды өткөрүүгө 20дан ашык жолу уруксат ала алышкан эмес.
Казакстанда оппозициянын ыктымал митингдеринин алдында бийликти сындап жүргөн активисттерди полицияга чакыруу, кармоо жана камакка алуу – кеңири жайылган тажрыйба.