Маалыматка караганда, Чорбог-2ден жалпысынан 20 үй-бүлө (80 киши) коопсуз жайга эвакуацияланды. Мындан тышкары аймактагы Бахор айылында беш тургундун короо-жайын суу каптап, чоң көчөнү жууп кетти. Дусти айылында сел 15 үйдү жана пахта иштетүүчү фабриканы каптап, 50 тургун жана 30 баш мал коопсуз жайга чыгарылды. Темурмалик районунда Шураксой каналы нугунан чыгып, суу жергиликтүү Өрт өчүрүү бөлүмүнүн аймагына жайылды. Носири Хусрав районунда Тажикстан-Өзбекстан автожолунун 3-4 чакырымын суу жууп кеткени кабарланды.
Учурда аймакта селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.
Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети бир катар аймактарда дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти. Мындан тышкары Тоолуу Бадахшан автоном облусунун батыш райондорунда кар көчкү жүрүшү, Душанбе-Чанак автожолунда таш кулашы мүмкүн экени эскертилди.