Ссылки доступа

БУУ каракалпак активисттерине башпаанек берүү маслеси боюнча Астанага кайрылды


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Казакстандагы кеңсеси башпаанек сураган беш каракалпактын маселеси боюнча Астанага кайрылды.

БУУнун Казакстандагы кеңсеси Астананы каракалпакстандык активисттердин башпаанек суроо боюнча арыздарын кароо улуттук жана эл аралык укук принциптерине ылайык жүргүзүлөрүнө кепилдик берүүгө чакырды.

БУУнун Казакстандагы өкүлчүлүгүнүн катын эл аралык жана казакстандык маалымат каражаттары жарыялашты.

БУУнун катында каракалпакстандык активисттер Жангелди Жаксымбетов, Раиса Худайбергенова, Зиуар Мирманбетова жана Тлеубике Юлдашева 2022-жылы кармалып, Өзбекстандын экстрадициялоо өтүнүчүнө байланыштуу Казакстандын тергөө абактарына 12 айга камакка алынганы белгиленген. Төртөө тең Казакстандан башпаанек сурашкан. Бардык кайрылууларды жергиликтүү аткаруу органдары четке каккандыктан, арыз ээлери сотко кайрылышкан.

Каттын авторлору февралда Алматыда кармалган активист жана укук коргоочу Акылбек Муратов (Акылбек Муратбай) да башпаанек сурап кайрылганын белгилешкен. Муратов Ташкенттин өтүнүчү менен Алматы полициясы тарабынан эл аралык издөөгө алынган адам катары кармалган. Ал Алматыдагы СИЗОдо камакта.

БУУнун өкүлчүлүгү "башпаанек берүү – саясий эмес гуманитардык акт" деп билдирди.

Уюмдун каты Казакстандын Тышкы иштер министрлигине, Жогорку сотуна жана Казакстандын Башкы прокуратурасына да жолдонгон.

XS
SM
MD
LG