Орусия бийлиги терактка шектелген 11 кишини, анын ичинде төрт чет элдикти камакка алганын кабарлаган. Азырынча бул адамдардын жарандыгы айтыла элек.
Бул арада Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Орусиянын айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жаткан "Крокус Ситидеги” кандуу окуяга тажик жарандарынын тиешеси бар деген маалыматтарды четке какты.
ИИМдин билдирүүсүндө ар кандай маалыматтарда аты аталып жаткан үч жараны жөнүндө текшерүү жүргүзүп, окуяга эч кандай тиешеси жок экени айтылат. Алар - Ривожиддин Исломов 25.09.1972-жылы туулган, Махмадрасул Насриддинов 20.11.1986-жылы туулган жана Рустам Назаров Исроилови 02.01.1995-жылы туулган жаран.
Тажик милициясынын маалыматында, Исломов менен Насриддинов 2023-жылы 26-ноябрда Орусиядан кайтып келип, учурда Тажикстанда жашап жатат. Ал эми Рустам Назаров учурда Орусиянын Самара шаарында такси кызматында иштеп жатканы аныкталган. ИИМ окуя болгон күнү ал Самара шаарында болгонун билдирди.
24-мартта тажик президенти Эмомали Рахмон Орусиянын президенти Владимир Путинге телефон чалып, көңүл айтты жана "террорчулардын улуту, мекени жана дини болбой турганын" белгиледи.
Бул арада орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик Москвадагы кол салуудан кийин борборазиялык мигранттарды текшерүү күчөгөнүн "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү мигранттардан кайрылуулар көп түшүп жатат:
"Акыркы бир жарым суткада 1018 кайрылуу келди. Анын көбүндө мигранттар текшерүүлөр, мыйзамсыз камоолорго туш болгонун айтып жатышат. Полиция кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынгандар, өлкөдөн чыгарылгандар да көп", - деди Чупик.