"Кремль президенттик шайлоосунун чет өлкөлөрдөгү жыйынтыгы боюнча конкреттүү чечимдерди кабыл алат. Эксит-поллдун маалыматы боюнча, Алматыдагы шайлоого катышкан орусиялык жарандардын 9% гана шайлоодо жеңип чыккан Владимир Путинге добуш берген. Анын атаандашы Владислав Даванков 69% алган. Астанада да абал анча эмес, ал жакка көчүп келгендер дагы Путинге добуш берүүдөн баш тартып, бюллетендерди жок кылуу же Даванковго добуш берүү менен алек болушкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Басылма Москвадагы өз булагына таянып маалымдагандай, буга байланыштуу Кремль Орусиянын Казакстандагы элчиси Алексей Бородавкин жана Алматыдагы башкы консул Дмитрий Тураев менен кеңешме өткөрөт.
"Негизги талкууланып жаткан багыт – көчүп келгендерди көзөмөлдөө, алардын Казакстанда Путинге каршы уюмдарды түзүшүнө жана жергиликтүү калкты азыркы орус бийлигине каршы тукурууга жол бербөө. ФСБ жана Россотрудничество дипломаттарга мүмкүн болушунча жардам берет деп болжолдонууда. Буга байланыштуу Казакстанга көчүп келген орусиялыктардын атайын реестрин түзүү маселеси талкууланат. Реестрге көчүп келген ар бир адамдын саясий көз карашы – азыркы режимди колдойбу же жокпу, жазылат", - деп белгилеген басылма.
Казакстанда орусиялык жарандардын бир бөлүгү шайлоо күнү “Путинге каршы чак түш” акциясына катышышкан. Акциянын максаты Путинден башка талапкерди тандоо же бюллетенди бузуу болгон.