"Крокус Сити Холлдогу" террордук чабуулга шектүү катары кармалган 25 жаштагы Фаридун Шамсиддин Тажикстандын Гиссар районундагы Лойоби айылынын тургуну. 24-мартка караган түнү Москванын Басман райондук соту Шамсиддинди жана Тажикстандын дагы үч жаранын эки айдан камакка алуу чечимин чыгарган. Аларга карата "Топ адамдардын курамында теракт жасоо" беренеси боюнча айып тагылган. Орусияда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн 15 жылдан өмүрү өткөнгө чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Бети-башы шишип, көгөргөн Шамсиддин сурактагы видеосунда кимдир-бирөөлөр ага Телеграмдан байланышка чыгып, "Крокус-Ситиге" кол салса 500 миң рубль төлөп берүүнү убада кылышканын айткан. Буга чейин телеграм-каналдарда аны электр тогу менен кыйнап жаткан сүрөт-видеолор да жайылган.
"Озоди" радиосунун кабарчысы Фаридун Шамсиддиндин жакындары менен байланышканда алар орус бийлигинин айыптоолоруна макул эмес экенин айтышты. "Фаридундун жүрүш-турушунда шектүү деле эч нерсе байкаган эмеспиз. Ал Орусияга жарым жыл мурда кетип, үй-бүлөсүнө акча салып жүргөн", – деди шектүүнүн аты-жөнүн билдиргиси келбеген жакындарынын бири.
Шамсиддин "чымчыкка да зыян келтирбейт" деп айткан тууганы тажик күч органдары анын аялын, ата-энесин, кайын энесин суракка чакырышканын кошумчалады.
"Ал эжеси Махбуба Заргарованын Москвада жашаган үйүндө каттоодо турчу. Орус бийлиги эжесин үч баласы менен кошо эртең менен депортациялады, кечинде (25-мартта) Тажикстанга келиши керек", – деди ал.
Жакындары Шамсиддин Орусияга кеткиче Гисар шаарындагы набайканада иштегенин, "намаз окубаганын жана орозо кармабаганын" айтууда.
"Озоди" радиосунун маалыматына караганда, Шамсиддин мекенинде "сексуалдык асылуу" беренеси менен камалып, 2020-жылы эркиндикке чыккан. Аскерде кызмат өтөгөн эмес.
Расмий Душанбе азырынча Фаридун Шамсиддин боюнча жана ага тагылып жаткан айыптоолор боюнча эч кандай билдирүү жасай элек. 23-мартта Тажикстандын Ички иштер министрлиги шектүү үч кишинин кандуу кол салууга тиешеси бар деген маалыматты четке каккан.
Орусиянын Тергөө комитетинин акыркы маалыматына караганда, концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 139га жетти.
22-март күнү кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы "Крокус Сити" деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.
Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (террордук акт) негизинде иш козгоп, териштирүү баштаган.
Орусияда 24-март Аза күтүү күнү деп жарыяланып, каза болгондорду эскеришкен.
Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө "террордук актыны ишке ашырууга түздөн-түз катышканын" маалымдаган.
Ички иштер министрлиги кармалган төрт киши тең чет элдик экенин билдирип, бирок кайсы өлкөнүн жарандары экенин тактаган эмес. Аларды Москванын Басман райондук соту эки айга камакка алган.
Орус бийлигине жакын бир катар Телеграм-каналдар жана саясатчылар кармалгандар Тажикстандын жарандары же орус паспорту бар тажик улутундагы адамдар экенин жазып жатышат. Москва расмий түрдө мындай маалымат бере элек.
25-мартта Москванын Басман райондук соту террордук кол салууга байланыштуу дагы үч шектүүнү (тажик жарандары) эки айга камакка алуу чечимин чыгарганы белгилүү болду.