Ссылки доступа

"КазМунайГаз" иш таштаган жумушчулардын талабынын үчтөн бирин гана аткарат


Казакстандын "КазМунайГаз" улуттук компаниясы West Oil Software мунайсервис компаниясынын материалдык-техникалык базасын жаңылоого макул болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар "КазМунайГаздын" башкармалыгынын төрагасы Нурсеит Союновго шилтеме кылып кабарлашты.

West Oil Software'нын иш таштаган жумушчулары компаниянын материалдык-техникалык базасын жаңыртуудан тышкары аларды "КазМунайГаздын" штатына киргизүүнү жана ошого жараша бирдиктүү эмгек акы төлөө системасы аркылуу маяна берүүнү талап кылышкан.

Союнов жумушчулардын акыркы эки талабы аткарылгыс экенин билдирди. Анын айтымында, транспорттук паркты модернизациялоонун алкагында 2024-жылдын аягына чейин 70тен ашык техника сатып алынса, үч жылдын ичинде жалпысынан 200дөн көп техника жаңыланат. Өткөн жылы 17 жаңы техника ишке берилген.

"11-марттан бери иш таштаган жумушчулар менен сүйлөшүүлөрдүн бир нече раунду өтүп, эмгек талаштарына байланышкан абал талкууланган. Анда иш таштоону мыйзамсыз деп таануу тууралуу соттун чечими бар болгондуктан, жумушчулардын акыркы эки талабын аткаруу мүмкүн эмес экени белгиленген. Биз иш таштаган жумушчуларды кайра ишке чыгууга чакырабыз ", – деди Союнов.

Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында West Oil Software мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу былтыр 11-декабрда иш таштаган. Алар компанияны "КазМунайГаз" компаниясынын курамына киргизүүнү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөөнү жана жумуштагы колдонулуучу техниканы жаңылоону талап кылууда.

Сот мунайчылардын бул акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын айтышкан. Жумушчулар иш таштагандан бери өздөрүнө жана жакындарына карата кысым болуп жатканына даттанышкан. Алардын айрымдары "Сот мыйзамсыз деп тапкан иш таштоого катышууну улантууга түрткөн аракеттер" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында полицияга чакырылган.

West Oil Software — улуттук "КазМунайГаз" компаниясынын курамына кирген "Маңгыстаумунайгаз" ишканасына транспорттук кызматтарды көрсөткөн мунайсервис компаниясы.

XS
SM
MD
LG