Ссылки доступа

УКМК Азим Ройдун жубайына издөө жарыялады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маркум Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) өкүл атасы Азим Ройдун (Мурда Орозахун Сайдазимов болгон) жубайына (Н.З.Х.) издөө жарыяланганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Камчы Көлбаев менен Азим Рой Бишкекте “L.А.” жана “R” ишканаларын негиздеп, анын жерине кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушканы аныкталган. Алар компаниялардын акцияларын жакын туугандарына, анын ичинде Азим Ройдун жубайына каттатышкан.

Бул ишке чет өлкөлүк инвестор деген негизде Литванын жараны да (К.Г.) аралашкан. Тергөө кыймылсыз мүлк Камчы Көлбаев менен Азим Ройдуку экенин тактаган. Бул факты боюнча 20-мартта кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысы боюнча Азим Ройдун жубайына айып тагылып издөөгө алынды.

УКМК Азим Ройдун өзүнө 2023-жылдын ноябрь айында издөө жарыялаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” жана “Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү” беренелери менен айып тагылган.

Атайын кызмат Азим Рой Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылап, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенгенип келгенин билдирген. Расмий маалымат боюнча, Азим Рой Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, ушул тапта Орусиянын жараны.

2022-жылы түбү кыргызстандык бизнесмен Азим Рой менен президент Садыр Жапаров жана Жогорку Кеңештин депутаты, президенттин кудасы Акылбек Түмөнбаевдин чогуу түшкөн сүрөтү тарап коомчулукта талкуу жараткан. Түмөнбаев ошол кезде Садыр Жапаров менен Азим Рой эмне жөнүндө сүйлөшкөнү тууралуу кабары жок экенин айткан.

Азим Рой 2021-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) медалын жана Саламаттык сактоо министрлигинин ардак баракчасын алганы белгилүү болгон.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG