Ссылки доступа

Чымкенттин "эң чынчыл полиция кызматкери" камакка алынды


Казакстандын Чымкент шаарында опузалап акча талап кылуу жана пара алуу шеги менен кармалган полиция кызматкери Азамат Аимбетов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу "КазТАГ" агенттиги жазды.

Мындай чечимди Чымкент шаарындагы адистештирилген тергөө соту кабыл алды. Азырынча өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Аимбетов 21-мартта опузалап акча талап кылуу жана пара алуу шеги менен кармалганы кабарланган. Ал 2022-жылы өзүнүн жетекчиси Мухтар Бухарбаевге каршы арыз жазып, ал аны кымбат баалуу нерселерди (авиабилеттер, эмерек, балаты жана башка) сатып берүүгө мажбурлаганын айтып чыкканы менен белгилүү.

"Мен ички иштер органдарында дээрлик 10 жылдан бери иштейм жана бир да жолу абийирсиз аракеттерге барган эмесмин", – деген анда ал.

Анын адвокаты Аимбетовду "эң чынчыл полиция кызматкери" деп эсептей турганын, бир жолу ал өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан сыйлык да алганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG