Акциянын негизги максаты – шаардыктарды дени сак жашоо образына шыктандыруу, коомчулуктун көңүлүн айлана-чөйрөнү коргоо, шаарлардагы автоунаа трафигин азайтуу жана коомдук транспортту өнүктүрүү маселелерине буруу болуп эсептелет.
Министрлик бул күнү бардык жарандарды акцияга катышып, шаарда жүрүүдө коомдук транспортту, велосипедди же экологиялык жаткан коопсуз болгон башка транспорттун түрлөрүн тандоого чакырды.
Мындан тышкары жер-жерлердеги аткаруу органдарынын бардык жетекчилери менен кызматкерлерине тургундарга жеке үлгү көрсөтүп, жумушка коомдук транспортто баруу сунушталды.