Ссылки доступа

Орусиядагы ксенофобиянын күчөшү тажик мигранттарын кабатыр кылууда


"Крокус Сити Холлдогу" терактка байланыштуу тажик жарандары кармалгандан кийин орус коомчулугунда күчөгөн мигрантофобия менен ксенофобия Тажикстандын жашоочуларын жана Орусиядагы тажик мигранттарын кабатыр кылууда.

Алардын айрымдары Орусияга алдын ала сатып алган билеттерин кайра тапшырса, башкалары улутуна карап куугунтук болушу мүмкүн деп кооптонуп, Тажикстанга кайтып жатышат.

Душанбедеги авиакассалардан акыркы бир жуманын ичинде Орусияга билет алууну каалагандар кыйла азайып, ал өлкөдөн Тажикстанга депортациялангандардын саны көбөйгөнүн билдирип жатышат.

"Бул акыркы окуяларга байланыштуу. Көпчүлүгү сатып алган билеттерин кайра кайтарып берүүнү чечишти. Орусияга авиабилет үчүн суроо-талап азайып, Душанбе-Москва каттамына билет баалары 2 миң сомониге чейин арзандады. Ошол эле маалда Орусиядан, өзгөчө Москвадан депортацияланган тажикстандыктар да көбөйдү. Бир күндө дээрлик 40 тажик жараны депортацияланды. Буга чейин мындай көрүнүш эч качан болгон эмес", – деди Душанбедеги авиакассалардын биринде иштеген Сухроб Сангинмуродов.

27-мартта "Озоди" радиосунун журналисттери Душанбе эл аралык аэропортуна барып, Орусиянын шаарларына учуп жаткан адамдар чынында эле аз экенине күбө болушкан.

"Крокус Сити Холлдогу" теракттан кийин Орусияга жер транспорту менен баргандар да азайган.

"Теракттан кийин Орусияга барууну каалагандар 30% азайды. Мурда бизге күнүнө жетиден киши кайрылса, азыр 2-3 гана киши келип жатат. Көбү Орусияга баруудан коркуп жатышканын айтууда", – деди Орусияга жүргүнчү ташыган Орзубек Ражабов аттуу такси айдоочусу.

Ошол эле маалда жүргүнчүлөрдүн арасында тынчсызданууга негиз жок экенин айткандары да бар. "Биз телефон чалып, абал кандай экенин сурадык. Баары тынч экенин айтышты", – деди Кувватали Абдулхонов аттуу жүргүнчү.

Журналисттер менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Тажикстандын эмгек жана миграция министрлигинин өкүлү чет өлкөлүктөр үчүн Орусиянын аймагындагы кырдаал өзгөрбөгөнүн, кабатыр болууга негиз жок экенин айтты.

Ал арада тажик мигранттары "Крокус Ситидеги" теракттан кийин жергиликтүү тургундардын жана орус бийлигинин ксенофобиялык агрессиясына кабылып жатышканын билдирүүдө. Мамлекеттик Думанын бир нече депутаты Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн виза режимин киргизүүнү сунушташты.

"Мунсуз чек арада тартип болбойт. Учурда миграцияны көзөмөлдөө жана террористтик чабуулдарга каршы туруу үчүн бул өтө зарыл болуп турат", – деп эсептейт Мамдумадагы "Адилеттүү Орусия" фракциясынын жетекчиси Сергей Миронов.

XS
SM
MD
LG