27-мартта Сурхандарыя облусунун Сары-Асый районунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болгонун облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 41 жаштагы аял Nexia үлгүсүндөгү унааны айдоочулук күбөлүгү жок айдап жүргөн. Ал катуу ылдамдыкта бара жаткандыктан эңкейиште рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн.
Кырсыктан кийин унаадан өрт чыккан. Натыйжада аял жашы жете элек эки баласы менен ошол жерде каза болгон.
Унаанын ичиндеги дагы бир бала жана маркумдун жакын тууганы (автоунаанын ээси) оор жаракат менен ооруканага жаткырылды.