Маалыматка ылайык, эркек киши сотто мыйзамдуу түрдө башка аял менен никеде болгонун, андан төрт баласы бар экенин айткан. Шарият менен кыйылган никесинен эгиз кыздар төрөлгөн.
Каржылык кыйынчылыктан улам ата-эне эгиздерди бир бөлмөлүү батирге алмаштырууну чечкен. Алар балдарды берүүгө макулдашып, мүлккө ээлик кылуу үчүн документтерди алып жатканда кармалган.
Эркек менен аялга кылмыш иши козголду. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Адам сатуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, эркек алты жылга, аял үч жылга эркинен ажыратылды.