Ссылки доступа

Астанада каракалпакстандык активист Расул Жуманиязов кармалды


Астанада 31 жаштагы каракалпак активисти Расул Жуманиязов кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы "Алга, Каракалпакстан" саясий кыймылынын лидерлеринин бири, Норвегияда жашаган этникалык каракалпак Аман Сагидуллевге шилтеме кылып кабарлады.

Сагидуллаевдин айтымында, Жуманиязов Өзбекстандын өтүнүчү менен 26-мартта кармалган.

"Ал бир ай мурда мени менен байланышка чыгып, өзбек атайын кызматынын өкүлдөрү аны коркутуп, Өзбекстанга кайтып келбесе эл аралык издөө жарыялай тургандыктарын эскертишкенин айткан. Ал активист. 2021-жылы Өзбекстандын укук коргоо кызматкерлери аны кармап, ур-токмокко алышкан. Ал бул окуядан кийин да интернетке сын-пикирлерин жазууну токтотпой, "Каракалпакстандагы акциянын катышуучуларына ок атылганы үчүн ким жооп берет?" деген суроого жооп издөөсүн уланта берген. Ошондуктан анын оозун жабууга аракет кылып жатышат", – деди Сагидуллаев.

Анын айтымында, Жуманиязовдун Казакстанда мыйзамдуу жүрүүсүнө уруксат берген документтеринин мөөнөтү аяктаган. Ал бул маселе боюнча миграциялык кызматка кайрылганы жатканда кармалган.

Ал арада Казакстандын адам укуктары боюнча бюросу Жуманиязовго юридикалык жардам бере турганын билдирди. Бюронун кызматкери Денис Живага укук коргоочулар активисттин Астанада кармалганын билишерин, бул боюнча дүйшөмбү күнү кеңири маалымат берилерин билдирди.

Астана полициясы Расул Жуманиязовдун кармалганы боюнча комментарий бере элек.

Өзбекстанда 2022-жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлүп, өлкө курамындагы Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. 1-2-июлда автоном аймактын борбор калаасы Нукустагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан. Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

Каракалпакстандагы окуялардан көп өтпөй расмий Ташкент Казакстанда жашаган жана мекениндеги маселелерди көтөрүп жүргөн каракалпак активисттерин өткөрүп берүү өтүнүчү менен Астанага кайрылган. 2022-жылы Казакстанда активисттер Кошкарбай Төремуратов, Жангелды Жаксымбетов, Тлеубике Юлдашева, Зиуар Мирманбетова жана Раиса Худайбергенова кармалган. Өзбек бийлиги алардын баарын "Конституциялык түзүлүшкө кол салуу" беренеси менен айыптап, эл аралык издөө жарыялаган. Активисттер бир жыл экстрадициялык камакта болгондон кийин укук коргоочулардын колдоосу менен бошотулган. Алардын Казакстанда башкалка берүү өтүнүчү канааттандырылган эмес. Былтыр күзүндө Европага кеткен Төремуратов учурда Польшада качкын макамын алууга аракет кылууда.

2024-жылы февралда Алматыда Өзбекстандын өтүнүчү менен каракалпак диаспорасынын лидери Акылбек Муратов (Муратбай) кармалган. Өзбек бийлиги ага "Жапырт башаламандыкка чакыруу" беренеси менен айып таккан. Ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса узак мөөнөткө соттолушу мүмкүн. Муратбай айыптоолорду четке кагып, Каракалпакстандагы адам укуктарынын абалын сынга алганы үчүн куугунтукталып жатканын билдирүүдө. Укук коргоочулар казак бийлигин Муратбайды бошотууга жана Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырып жатышат.

XS
SM
MD
LG