Мекемеден билдиришкендей, Сатыбалдынын иши 1-апрелде Астананын кылмыш иштери боюнча райондор аралык сотунда каралды. Отурумдун жүрүшүндө прокурор айыптоо актысын окуп, Кайрат Сатыбалды "Кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоо" беренесинде каралган кылмышты жасаганын айтты.
Сотто судьянын суроосуна жооп берген Сатыбалды тагылган айыпты толугу менен мойнуна алганы кабарланды.
Сатыбалдынын адвокаттары күнөөнү мойнуна алуу жана мыйзамсыз алынган активдерди кайтарып берүү шарты менен процессуалдык келишим түзүү боюнча өтүнүч келтирди. Буга байланыштуу сот мындай келишим түзүүгө убакыт берип, соттук процесс белгисиз мөөнөткө жылды.
Кайрат Сатыбалды 2022-жылы мартта кармалып, ошол эле жылы сентябрда "Казактелеком" жана "Транспорттук сервис борбору" компанияларынан ири өлчөмдө каражат уурдоо айыбы менен алты жылга соттолгон. 2023-жылы декабрда Чыгыш Казакстан облусундагы сот анын шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу өтүнүчүн четке каккан.
Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 2018-жылы Forbes Kazakhstan басылмасы Кайрат Сатыбалдынын байлыгын 163 миллион долларга баалап, аны өлкөдөгү эң бай 50 бизнесмендин катарына кошкон.
Кайрат Сатыбалды кезинде Улуттук коопсуздук комитетинин кадрдык кызматын жетектеп, Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген. 2010-2015-жылдары Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында катчы кызматын аркалаган. Мындан тышкары улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеп, "Казактелеком" телекоммуникациялык компаниясында акцияларга ээлик кылган.