Ссылки доступа

Казакстан: Саран шаарындагы заводдун жумушчулары көчөгө чыгып, талаптарын айтышты


Караганда облусунун Саран шаарында үч жыл мурда ачылган шина заводунун ондогон жумушчусу 2-апрелде көчөгө чыгып, эмгек жамаатынын бир катар талаптарын айтышты.

Алар жеңил жана жүк ташуучу автоунаалар үчүн дөңгөлөк шиналарын өндүргөн Kama Tyres KZ ишканасынын жетекчилиги жана Караганда облусунун башчысы менен сүйлөшүүлөрдү талап кылышты.

Жумушчулар койгон талаптардын арасында кесиптик кошуун түзүү, ишканада жамааттык келишим шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо, айлыктарды жогорулатуу, эмгек жамаатынын пикирин эске алуу менен макулдашуу комиссиясын шайлоо, жумушчуларга сыйакыларды төлөө, жумушчуларды керектүү жабдуулар жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу, заводдун аймагында медициналык пункт уюштуруу, түшүнүктүү кадрдык саясат жүргүзүү, буга чейин иштен алынган жумушчуларды кайра калыбына келтирүү жана окутуулар менен нускамаларды казак тилинде кылуу талаптары бар. Алардын айтымында жумушчулардын бир бөлүгү казак тилдүү жана орус тилин билбейт.

"Азаттыктын" казак кызматы бул боюнча ишкананын жетекчилигинен жана облус акимчилигинен комментарий ала алган жок.

Кечке жакын жумушчулардын демилгелүү тобу ишкананын директору жана Саран шаарынын башчысы менен жолукканы кабарланды.

"Биздин талаптарыбызды угуп, жооп 10-апрелде болорун айтышты. Эми кандай болорун көрөбүз", – деди аты-жөнүн айткысы келбеген жумушчулардын бири.

2021-жылы сентябрда орусиялык "Татнефть" компаниясынын басма сөз кызматы Казакстандын Саран шаарында шина заводу курулуп жатканын, ал "Татнефть" менен "Аллюр" компаниялар тобунун биргелешкен долбоору экенин билдирген. Анда заводдо өндүрүлгөн продукциянын 40% экспорттоо пландалып жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG