Ссылки доступа

АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына тынчсыздануусун билдирди


АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Мэтью Миллер Кыргызстанда кабыл алган “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына тынчсыздануусун билдирди. Мамлекеттик департаменттин өкүлү бул тууралуу Х баракчасына жазды.

“Биз Кыргыз Республикасы “чет элдик өкүл” деген аталышта белгилүү мыйзамды кабыл алганына терең тынчсызданабыз. Мындай мыйзам Кыргыз Республикасынын элине жардам берүүчү бейөкмөт уюмдардын маанилүү ишин тобокелге салат. Биз кыргыз өкмөтүн демократиянын негизин түзгөн жарандык коомду коргоого чакырабыз”, - деген Миллер.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койду. Фейсбук баракчасына бул тууралуу жазган президент “эч кандай куугунтук болбойт” деп кепилдик берерин белгиледи жана буга чейин бейөкмөт уюмдарды отчет бербей келген деп айыптады.

Анын билдирүүсүнөн кийин социалдык тармактарда Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, Салык кызматына талап кылынган отчетторду берип келерин, мындай ачыктык грант берген донорлордун талаптарынын бири экенин жазып жатышат.

14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же "Чет элдик өкүл" деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Мыйзамда айрым жарандарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Мындан кийин жергиликтүү 100дөн ашык уюм президенттин дарегине кайрылуу жолдоп, мыйзам долбооруна кол койбоого чакырышкан. Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

XS
SM
MD
LG