Ссылки доступа

Өзбекстан мигранттардын билет жана виза алуудагы чыгымдарынын бир бөлүгүн төлөй баштайт


Өзбекстанда мигранттардын иш визасы, авиабилети, профессионалдык квалификациясы жана тил билүү деңгээлин баалоосу үчүн кете турган чыгымдардын бир бөлүгүн мамлекет төлөй баштайт. Бул тууралуу президентке жолдонгон сунуштар менен тааныштыруу учурунда айтылды.

Документте белгиленгендей, чет тили боюнча эл аралык же эквиваленттүү сертификат алган жарандын тил үйрөнүүгө кеткен чыгымдарынын 50% төлөнүп берилет.

Мындан тышкары Улуу Британиянын, Германиянын, Польшанын, Венгриянын жана Жапониянын элчиликтери менен консулдуктарында эмгек миграциясы боюнча атташе, Сауд Арабия элчилигинде агенттиктин өкүлү кызматтарын киргизүү пландалууда. Ошондой эле Өзбекстандын элчиликтери менен министрликтеринде чет өлкөлөрдө жүргөн өзбекстандыктардын маселелерин ыкчам чечүү үчүн байланыш борборлорун да уюштуруу каралууда.

Иш менен камсыз кылууну колдоо фонду эмгек миграциясынан кайтып келген жаранды жумушка алган ишканага ар бир адам үчүн бир жыл бою ай сайын 500 миң сум өлчөмүндө көмөк акча берип турат. Бул максатта быйыл 100 миллиард сум (8 миллион долларга жакын) бөлүнөт.

XS
SM
MD
LG