Ссылки доступа

Өзбекстандын "Бунёдкор" клубу бразилиялык футболчуларга карызын 2028-жылга чейин төлөп берет


Ташкенттин "Бунёдкор" футболдук клубу бразилиялык оюнчулар Ривалдо жана Денилсон менен карызынын суммасын азайтуу жана аны бир нече жылдын ичинде төлөп кутулуу боюнча келишимге жетишти. Бул тууралуу клубдун расмий сайтындагы билдирүүдө жазылган.

Маалыматка караганда, клубдун жетекчилиги футболчулардын өкүлдөрү менен 30-мартта жолуккан.

"ФИФАнын чечими менен "Бунёдкор" Ривалдого жана Денилсонго карызын быйыл 7-апрелге чейин төлөп бериши керек болчу. Жаңы макулдашуу боюнча каралган карыздын суммасы кыйла азайды. Мындан тышкары макулдашылган сумма Денилсонго үч бөлүк менен 2026-жылга чейин, Ривалдого жыл сайын белгилүү бир суммада 2028-жылга чейин төлөнүп берилет", – деп жазылган клубдун сайтындагы маалыматта.

"Бунёдкор" билдирүүсүндө футболчуларга жалпысынан канча акча төлөп бермей болгонун так көрсөткөн эмес.

Буга чейин ФИФА өзбек клубу Ривалдого 8,1 миллион евро, Денилсонго 1,1 миллион евро карызын төлөп бериши керектигин билдирип, тиешелүү чечимин Өзбекстандын футбол ассоциациясына жөнөткөн.

"Бунёдкор" ФИФАнын Талаштарды чечүү палатасынын 2017-жылдагы чечимин толук аткарбаганы үчүн күнөөлүү деп табылган. Муну 2023-жылдын ноябрында Спорттук арбитраждык сот толугу менен тастыктаган.

Ривалдо 2008-2010-жылдары "Бунёдкор" футболдук клубунда ойноп, Өзбекстандын үч жолку чемпиону болгон. Денилсон "Бунёдкор" менен 2010-жылы чемпиондукту алган.

"Бунёдкор" менен бразилиялык футболчулардын ортосундагы каржылык талаш 2010-жылдан бери уланып келет.

XS
SM
MD
LG