29-мартта "Азия-Плюс" медиа тобу жана Reuters маалымат агенттиги өз булактарына таянып, "Крокустагы" теракт боюнча айыпталгандар менен байланышы бар деген шек менен 9 адам кармалганын маалымдаган. "Озоди" радиосунун булактары баш калаадагы майрамдык иш-чаралардын алдында терактка даярданган деген шек менен 20дай киши кармалганын билдиришкен.
Тажик бийлиги бул кабарларга дароо реакция жасаган эмес, бирок өлкөнүн атайын кызматы 3-апрелдеги билдирүүсүндө "бул кабарлар чындыкка дал келбейт" деп маалымдады.
"Озоди" радиосунун Тажикстандын коопсуздук органдарындагы атын атагысы келбеген өз булагы билдиргендей, кармалгандардын арасында Вахдат, Рогун жана Нурек шаарларынын тургундары да болгон. Алардын баары Нооруз майрамынын алдында кармалган.
Тажикстандын күч органдары террордук топтордун мүчөлөрүнүн кармалганы тууралуу сейрек маалымат беришет.