Ссылки доступа

Өзбекстанда автотөлөмдөр 68 эсеге көбөйгөнү сынга алынууда


Өзбекстанда 1-апрелден тарта автоунааларды каттоо жана кайра каттоо үчүн төлөмдөр 68 эсеге – 34 миң сумдан 2,32 миллион сумга (180 долларга жакын) көбөйдү.  

Өзбекстандын ички иштер министрлиги 31-мартта автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин (жарым чиркегичтерин) каттоо жана кайра каттоо үчүн төлөмдөрдүн тарифтерин жогорулатуу жөнүндө буйрук чыгарган.

Жаңы буйрукка ылайык, 1-апрелден тарта электромобилдерди, мототранспортторду жана чиркегичтерди каттоо жана кайра каттоо үчүн төлөмдөрдүн ставкасы 15 эсеге же 510 миң сумга (40 доллар) жогорулады. Калган бардык унаалар үчүн тариф 68,4 эсеге же 2,32 миллион сумга (180 доллар) көбөйдү.

Ички иштер министрлигинин буйругунда тарифти өзгөртүүнүн себеби айтылган эмес.

Бирок 30-мартта министрликтин Коомдук коопсуздук департаменти бул өзгөртүү “экологиялык коопсуздукту камсыздоо, жашыл энергетиканы колдоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комплекстүү иш-чаралардын логикалык уландысы” деген билдирүү тараткан.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары болсо бул өлкө экономикасы өтө аянычтуу абалда жана мамлекеттик казына бош экенин көрсөтүп турарын жазышууда.

"Бул Өзбекстандын экономикасы өтө начар абалда экенин көрсөтүп турат. Ар кандай төлөмдөрдү көбөйтүү менен тышкы карыздар төлөнүп жатат",- деп жазды социалдык тармактын колдонуучусу Бехзоджон Шодиев.

Активисттердин тобу аткаруу бийлигинин өзүм билемдигине үн катпаганы үчүн парламентти сынга алууда.

XS
SM
MD
LG