Ссылки доступа

Өзбекстан ИИМи соцтармактардагы теракт чакырыктары жөнүндө эскертти


Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарга соцтармактарда акчалай сыйлык үчүн теракт жасоо чакырыктарын камтыган билдирүүлөр тарап жатканын эскертти.

Кайрылууда соңку кездери дүйнөдө болуп жаткан теракттардын фонунда Өзбекстандын жана коңшу мамлекеттердин айрым тургундарына интернет аркылуу акчалай сыйлыкка коомдук жайларды, анын ичинде мектептерди, соода жана оюн-зоок борборлорун миналоо боюнча билдирүүлөр келип жатканы айтылат.

"Көбүнчө чагымчыл билдирүүлөр Telegram мессенжери аркылуу жөнөтүлөт. Белгисиз адамдар ар кандай суммадагы акча төлөөнү, курал-жарак менен камсыздоону, иш планын жөнөтүүнү убада кылышат. Эң коркунучтуусу ниети бузуктар көбүнчө балдарга кат жазышат. Чагымчылдардын сүрөттөрү жок жана алардын номерлери жашырылган", — деп жазылган кайрылууда.

ИИМ жарандарды мындай билдирүүлөр келгенде дүрбөлөңгө түшпөй, аларды коомдук чаттарга, тааныштарга жана досторго жөнөтпөөгө, дароо 102 номуру аркылуу ички иштер органдарына билдирүүгө үндөдү. Мекеме ошондой эле мындай маалымат жөнөткөндөрдү бөгөттөп, алар сенен сүйлөшпөө кеңешин берди.

XS
SM
MD
LG