Ссылки доступа

Qazaq Air Татарстанга жасалган дрон чабуулунан кийин "Актөбө – Казан" каттамын токтотту


Казакстандын Qazaq Air авиакомпаниясы 5-апрелден тарта "Актөбө – Казан" багыты боюнча каттамдарды белгисиз мөөнөткө чейин токтото турганын билдирди.

"Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 5-апрелден тарта "Актөбө – Казан – Актөбө" багыты боюнча аба каттамдары токтотулат", – деп жазылган авиакомпаниянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Татарстандын Елабуга жана Нижнекамск шаарлары 2-апрелде учкучсуз учактардын чабуулуна кабылган. Бул шаарларда Орусия Украинага каршы чабуулдарда колдонуп жаткан учкучсуз учактар өндүрүлөрү айтылган ишканалар жайгашкан. Бул күнү Татарстан аймагы дрон чабуулуна биринчи жолу кабылып, жети киши жараат алган. Елабуга шаарында жабыркагандардын бири 17 жаштагы кыргыз жараны экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирген.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан тартып Татарстандагы "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагында ирандык "Шахед" чабуул коюучу дрондору "Герань-2" деген аталыш менен чыгарыла баштаган. Аларды "Алабуга Политех" коллежинин студенттери чогултары "Протокол" басылмасынын жана "РЗВРТ" Ютуб-каналынын журналисттери жүргүзгөн биргелешкен иликтөөдө айтылган.

Былтыр күздөн тартып Орусия Украинага каршы согушта бул дрондордун кеминде 600үн колдонгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG