Ссылки доступа

Тажикстандын Бохтар шаарынан Москвага аба каттамдары убактылуу токтотулду


Тажикстандын Бохтар шаарынан Москвага авиакаттамдар 7-апрелге чейин токтотулду. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Буга чейин Орусиянын Nord Wind авиакомпаниясынын учактары "Бохтар-Москва" багыты боюнча күн сайын каттамдарды аткарып келишкен.

Бохтар аэропортунун башчысы Фарход Абдурашидзода аларга каттамдар 7-апрелге чейин токтотулганы тууралуу Орусиядан телефонограмма аркылуу кабар жөнөтүшкөнүн билдирди. Анын айтымында, кабарда каттамдарды токтотуунун себептери жазылган эмес.

Марттын аягында Бохтар шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп барган жүргүнчүлөр аларды өлкөгө киргизбей, бир нече суткадан бери аэропортто жашап жатышканына даттанышкан. Социалдык түйүндөргө жарыяланган видеолордо ондогон киши аэропорттун залындагы полдо уктап жатканы тартылган. Алар Москвага учуп барганына 4-5 күн болгонун, тамак-аш сатып алууга акчасы калбаганын айтышкан.

22-мартта "Крокус Сити Холл" концерттик залында теракт болуп, 140тан ашык киши каза тапкан. Кол салууга байланыштуу он киши камалып, алардын тогузу тажикстандык экени кабарланган.

Бул окуядан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык мамиле күчөп, айрым тажикстандыктар Москвага алып койгон билеттерин кайра тапшыра башташкан.

XS
SM
MD
LG