Ссылки доступа

Эки жыл мурда Ташкентте пландалган теракттын чоо-жайы белгилүү болду


Мамлекеттик телеканалдын эфиринде көрсөтүлгөн видеоматериалдан скриншот.
Мамлекеттик телеканалдын эфиринде көрсөтүлгөн видеоматериалдан скриншот.

Өзбекстандын мамлекеттик телеканалы 2022-жылдын башында Ташкентте пландалганы айтылган теракттын чоо-жайы тууралуу видеоматериал көрсөттү.

Эфирге 1-апрелде чыккан берүү айыпталуучулардын күнөөнү моюндарына алган көрсөтмөлөрүнүн негизинде даярдалган. Бирок анда эмнеге бул иш жөнүндө дал азыр репортаж көрсөтүлүп жатканы айтылган эмес.

2022-жылдын башында Өзбекстандын атайын кызматы Ташкенттин бир нече жеринде "теракт пландап жаткан" деген шек менен төрт кишини кармаган. Сот аларды күнөөлүү деп таап, түрдүү мөөнөттөргө (10 жылдан 15 жылга чейин) эркиндиктеринен ажыраткан. Алардын бири 18ге чыга элек экени кабарланган.

Мамлекеттик телеканалдын эфиринде көрсөтүлгөн кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Өзбекстандын Мухаммад Уролов аттуу жараны Сирияда жүргөндө "Телеграм" месенжери аркылуу кылмыштуу топ түзүп, алар менен чогуу "2022-жылдын жаз жана жай мезгилдеринде Ташкенттин бир нече жеринде теракт жасоону" пландаган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук тобунун пропагандачысы жана активисти эсептелген Уролов Ташкенттин үч тургунун (Давронбек Турабеков, Зиёвуддин Аманов жана Хайитбой Ахмаджонов) диний экстермисттик идеялар менен бириктирип, аларга "башка диндегилер иштеткен бир нече объектини жардыруу тапшырмасын берген".

Мамлекеттик телеканалдагы берүүдө соттолгон жарандардын Ташкенттеги "Мулла Касим" мечитинде бирге намаз окуганы өзгөчө белгиленген.

Кийинчерээк кылмыштуу топ өзүнүн катарына Ташкенттеги Инха университетинин студенти Иззатулло Зайнитдиновду тарткан. Ал маалыматтык технологиялар жана жардыруучу заттар боюнча эксперт болгон.

Соттун өкүмүндө кылмыштуу топтун мүчөлөрү баш калаанын бир нече жеринде, анын ичинде аэропортто жана Израилдин Ташкенттеги элчилигинде жардырууларды уюштурууну көздөп, андан соң Түркия аркылуу ИМ тобунун көзөмөлүндөгү аймактарга өтүп кетүүнү пландашкан. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандардын үйлөрүнөн далил катары жардыруучу заттар жана теракт жасала турган объектилердин чиймелери табылган.

Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө шектүүлөрдүн экөө мамлекеттик телеканалдын журналисттерине интервью берип, тагылып жаткан айыптоолорду мойундарына алышкан.

Соттун чечими менен кармалгандардын баары "Терроризм", "Конституциялык түзүлүшкө кол салуу", "Диний экстремисттик уюм түзүү, анын ишмердүүлүгүнө катышуу" жана "Диний мазмундагы материалдарды мыйзамсыз даярдоо, сактоо" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөттөргө эркиндиктеринен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG