Мигранттардын айтымында, бир нече адам айып пул төлөгөндөн кийин бошотулса, көпчүлүгү үчүн депортациялоо чечими кабыл алынган. Айып салынган мигранттар азыр коркуп жашап жатканын билдиришти.
"Мен кайда барарымды, эмне кылышымды билбейм. Жадакалса дүкөнгө чыкканда да корком. Эмне болуп жатканын түшүнбөй турам. Эки үч адамдын айынан баардык тажиктер кыйналып жатат. Азыр документтериң жайында болсо деле кууп чыгышат. Агамды жакында эле кармап, Орусияга кирүүгө өмүр бою тыюу салышты. Себебин түшүндүрүшкөн жок", - деди коопсуздук максатында аты-жөнүн билдиргиси келбеген мигранттардын бири.
Москванын чет жакасындагы "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракттан кийин Орусиянын шаарларында мигранттарга каршы рейддер көбөйдү. Мигранттар укук коргоо органдарынын кысымына жана ксенофобияга нааразы. Алар жашаган жерлерге уруксатсыз кирип барып, сабап, Орусиядан чыгарып жатышат.