Ссылки доступа

Өзбекстан: канттын баасы кымбаттабайт


Хорезмдеги кант заводу (архив)
Хорезмдеги кант заводу (архив)

Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги Орусия быйыл 31-августка чейин кантты экспорттоого тыюу салгандан кийин өлкөдө канттын баасы кымбаттайт деген маалыматка жооп кайтарды.

Министрликтин маалыматы боюнча, Өзбекстанда кантка болгон жылдык керектөө орточо эсеп менен 650-700 миң тоннаны түзөт, ал эми Ангрен жана Хорезмдеги кант заводдору жылына 900 миң тоннадан ашык кант өндүрөт (республиканын ички керектөөсүнөн кеминде 200 тоннага көп).

Ангрен жана Хорезм кант заводдору чийки затты Орусиядан эмес, башка өлкөлөрдөн алып жаткандыктан, Орусиянын кант экспортуна тыюу салышы Өзбекстандын ички базарында тартыштыкка алып келбей турганы баса белгиленди. Министрлик 2023-жылы Өзбекстандын кант заводдору Бразилия менен Индиядан 762 миң тонна чийки зат (кант өндүрүшүнүн 98%) импорттогонуна көңүл бурду.

Айыл чарба министрлиги Ангрен жана Хорезм кант заводдору ички базарга күн сайын 2100 тонна продукция чыгарып, орто эсеп менен бул өнүмдүн 300 тоннасы гана сатыларын кошумчалады.

Мурдараак орусиялык басылмалар өлкө кантты экспорттоого убактылуу тыюу салганын жазып чыгышкан. Чектөө 2024-жылдын 31-августуна чейин күчүндө болот.

XS
SM
MD
LG