Өткөн жумада Шанхай кызматтыштык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Астанада өткөн жолугушуусунда Николай Патрушев Украина Тажикстандын Орусиядагы элчилиги аркылуу жалданмачыларды согушка азгырып жатканын билдирген.
"Орусиянын кызмат адамынын бул билдирүүсү негизсиз. Тажикстандын тиешелүү органдары өлкөдө аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустун өз макамына туура келбеген аракеттерге баруусуна жол бербөө боюнча бардык чараларды көрүүдө. Коомчулукту адаштыра турган мындай текшерилбеген билдирүүлөрдү жасоодон кармануу зарыл деп эсептейбиз", – деди Тажикстан ТИМинин басма сөз катчысы Шохин Самади.
Тажикстандын мыйзамдарында жылданмачыларды тартуу, окутуу жана каржылоо үчүн беш жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.