Ссылки доступа

Бишимбаевдин иши: Казак активисттери Берлинде фемицидге каршы акция өткөрүштү


Аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталып жаткан Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин соту уланып жаткан чакта Германиянын баш калаасы Берлин шаарында фемицидге жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция өттү.

"Казакстанда, жалпы эле Борбор Азия аймагында зомбулук көйгөйү жаңы гана пайда болгон жок. Тилекке каршы, Салтанат Нукенованын өлүмү алгачкы жана акыркысы эмес. Акыркы жылдары зомбулукка кабылганын ачык айтууга батынгандар көбөйүүдө. Биздин өлкөдө уят деген түшүнүк бар, аялдардын көбү зомбулуктун курмандыгы болгонун ачык айтуудан тартынышат", – деди Euronews телеканалына маек берген Сымбат Серикова аттуу акциянын уюштуруучуларынын бири.

Акциянын катышуучулары казак, англис жана орус тилдериндеги жазууларды көтөрүп, "Урса – демек камалат", "Бишимбаев өмүр бою соттолсун" деп кыйкырышты. Алар Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук криминалдашпаганын белгилеп, экс-министрдин абактан кутулуп же аз гана мөөнөткө соттолушуна жол берилбеши керектигин билдиришти.

Уюштуруучулардын эсеби боюнча, Берлиндеги акцияга 120дан ашык киши катышты. Алардын арасында Кыргызстандын, Азербайжандын, Индиянын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Украинанын жана Түштүк Кореянын да өкүлдөрү болду.

Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши боюнча соттук процесс 27-мартта Астана шаарында башталган. Ал жарандык никедеги аялы, 31 жаштагы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен кыйнап өлтүргөн деп айыпталууда. Экс-министр сотто аялынын өлүмүнө "тиешеси бар экенин" айтып, бирок "Атайылап өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү" беренеси боюнча тагылып жаткан айыпты четке какты. Адвокаттары ал кылмышты атайылап жасабаганын айтууда.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылорда айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алууга күнөөлүү деп табылган. 2019-жылы президенттин ырайымы менен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

XS
SM
MD
LG